2022-2023-окуу жылынын жазгы семестринде «Орхун» программасынын негизинде эл аралык мобилдүүлүк боюнча Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин 5 студенти Х.Досмухамедов атындагы Атырау университетине жөнөтүлүп, учурда окууларын башташты.
Андан сырткары ушул эле Орхун программасынын негизинде 2022-2023-окуу жылынын күзгү семестринде эл аралык академиялык мобилдүүлүк боюнча КӨЭАУнун 2 студенти Турциянын Еге университетинде, ички мобилдүүлүк боюнча 1 студент Бишкек шаарындагы Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде ийгиликтүү окуп келишти.