“Мектепке чейинки жана мектептик билим берүүдөгү өзгөрүүлөр”
2023-жылдын 6-декабрында Андижан мамлекеттик педагогикалык институтунда Өзбекстан Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 31 жылдыгына арналган “Мектепке чейинки жана мектептик билим берүүдөгү өзгөрүүлөр: укуктук негиздер, көйгөйлөр жана чечүү жолдору, чет элдик тажрыйба” деген темада эл аралык илимий-практикалык конференция өттү.
Ага Өзбекстан Республикасынын жана чет өлкөлөрдүн жогорку окуу жайларынын окумуштуулары, жаш изденүүчүлөрү чакырылган.
Аталган илимий конференцияга Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин эл аралык байланыштар жана стратегиялык өнүктүрүү боюнча проректору, филос.и.д., профессор Балтабаева Аида Тынайбековна, юридика-бажы факультетинин деканы, ю.и.д., профессор Көкөева Алмагүл Муктарбековналар катышып келишти.