КӨЭАУнун тарых-филология факультетинин 7 студенти, кыргыз филологиясы кафедрасынын улук окутуучусу Өмүркан Алибекованын жетекчилигинде тышкы академиялык мобилдүүлүк боюнча бир айга Андижан мамлекеттик педагогикалык институтуна окууга жөнөтүлдү.
Академиялык мобилдүүлүктүн алкагында Өмүркан Алибекова Андижан мамлекеттик педагогикалык институтунун студенттерине “Орфография” дисциплинасы боюнча конок лекция өтүп берди.
Эскерте кетсек, Андижан мамлекеттик педагогикалык институту менен Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ортосунда түзүлгөн эки тараптуу келишимдин алкагында билим берүү жана илим изилдөө багыттарында биргелешип иш алып баруу мыкты жолго коюлган.
Все реакции:
Вы и ещё 53