Үстүбүздөгү жылдын 14-15-октябрь күндөрү Бишкекте билим берүү тармагындагы өнөктөштүктү бекемдөө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулоо максатында Кыргыз-Орус билим форуму өттү.
Аталган форумда эки өлкөнүн билим берүү министрлигинин өкүлдөрү, жогорку окуу жайларынын ректорлору билим берүүнүн сапатын талкуулашты. Кыргыз-Орус билим форумуна Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков, эл аралык байланыштар жана стратегиялык өнүгүү боюнча проректор Аида Балтабаева дагы катышып, А.Балтабаева “Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети жана Россия Федерациясынын Президентинин алдындагы эл чарбасы жана мамлекеттик башкаруу академиясы мамлекеттик кызматкерлердин квалификациясын жогоруулатуудагы тажырыйбасы жана кызматташтыкты мындан нары өнүктүрүүнүн келечеги” деген темада баяндама жасады.
Форумдун соңунда резолюция кабыл алынып, жогорку окуу жайлардын жетекчилери университеттер аралык жол карталарына, меморандумдарга жана консорциумдарды түзүү боюнча келишимдерге кол коюшту.
и ещё 2
Все реакции:

Вы и ещё 22