Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков «Kalpak English» билим берүү борборунун негиздөөчүсү Ноа Братчерди кабыл алды.
Жолугушууда Ноа мырза менен эки тараптуу кызматташуу тууралуу пикирлер ортого салынып, англис тили профилинде окуган студенттерге сабак өтүү максатында тарых-филология факультетинин англис филологиясы кафедрасына окутуучу кызматына кабыл алуу маселеси талкууланды.
Белгилей кетсек, англис тилдин алып жүрүүчүсү катары Ноа Братчерди жумушка тартуу демилгеси окуу жайдын эл аралык байланыштар жана стратегиялык өнүгүү боюнча проректору, профессор Аида Балтабаеванын колдоосу менен жүзөгө ашырылып жатат.
Все реакции:
121