Kuudmc@gmail.com

Бүгүн, 28-февраль күнү Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде Стартап программасынын алкагында “Онлайн бизнес механизмдери” аталышында семинар-тренинг өткөрүлдү. Аталган семинар-тренингде жаш ишкер Сахибжан Акматов бизнес технологияларын Маркетплейстерде “Wildberries/Ozon) регистрациядан баштап, соода кылып, пайдага чыгуу механизмдери боюнча кенен маалыматтарды берди. Иш чарага Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин жетекчилери, студенттер, мектеп окуучулары жана жаш ишкерлер катышты. Бул саамалыкты уюштуруу ишин КӨЭАУнун Бизнес инкубатор бөлүмү, тарых-филология факультетинин жамааты колго алган.
Wildberries- бул онлайн платформа, сатуучу менен сатып алуучунун ортосундагы ортомчу. Сатуучунун товарын сатып бергени үчүн өзүнүн комиссиясын кармап калат. Аталган аянтчада аялдардын, эркектердин, жаш балдардын кийимдерин, зер буюмдарын, унага керектелүүчү буюмдарды , спорттук шаймандарды, китеп, үй буюмдарын жана башка керектелүүчү буюмдарды сатууга чыгара аласыз.
2021-жылдын апрель айында КРнын электрондук ассоциациясы КМШдагы эң ири онлайн-аянтчасы болгон Wildberries сайты менен кызматташуу тууралуу Меморандумга кол койгон. Учурда кыргызстандык ишкерлер мыйзамдуу түрдө өздөрүнүн товарларын бул аянтчада сатуу ишмердигин жүргүзүп келишет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *