Кыргызстанда жашаган ар улуттардын ынтымагы, биримдиги талкууланды
Бүгүн, 17-декабрь күнү Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети, Кыргыз Республикасынын Ош облустук ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жана Кыргызстан элинин ассамблеясынын Ош облустук бөлүмү менен биргеликте “Улуттар аралык биримдик – өнүгүүгө өбөлгө” аттуу тегерек стол өкөрүлдү.
Аталган иш чарага келген конокторго Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети тарабынан даярдалган улуттар аралык достук мамилени чагылдырган видео тасма көрсөтүлүп, окуу жайдын ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыковдун сөзү менен иш чара өз ишин улантты.
Тегерек столдун жүрүшүндө университеттин окумуштуулары жана Кыргызстан элинин ассамблеясынын Ош облустук бөлүмүнүн жетекчилиги тарабынан этностор аралык достукту, ынтымакты жана биримдикти бекемдөөгө багытталган баяндамалар жасалды.
Белгилей кетсек достуктун куттуу ордосуна айланган “Достук” ордендүү Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде улуттар аралык ынтымакты бекемдөөгө багытталган ар кандай иш чаралар байма-бай өткөрүлүп келет.
и ещё 12
Все реакции:
Вы и ещё 61