Бүгүн, 12-декабрда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери чет өлкөлүк жана жергиликтүү студенттер менен жолугушту.
Жолугушууда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери милициянын капитаны Эгемберди Зикиров жана милициянын улук лейтенанты Уларбек Маканов ИИМдин укук бузуулардын алдын алуу боюнча эки айлык иш мерчеминин талаптарына ылайык Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин студенттерине профилактикалык багытында түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Милиция кызматкерлери келген чет өлкөлүк жана жергиликтүү студенттерге Ош шаарындагы кырдаал, катталып жаткан кылмыштар, алардын себептери тууралуу айтып беришти.
Аларды Кыргыз Республикасынын аймагында жүрүп, жергиликтүү мыйзамдарды сактап, элдердин маданиятына урмат менен мамиле жасоону айтышты. Чет өлкөлүк жарандар кабыл болуп жатышкан кылмыштар тууралуу баяндама жасап беришти. Өз ара дагы ынтымакты сактап, мыйзам бузууларга жол бербөөнү эскертишти.
Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин эл аралык байланыштар жана стратегиялык өнүктүрүү боюнча проректору Аида Балтабаева, чет элдик студенттер биздин өлкөдө адаптацияланышына маалыматтык жардамдар көрсөтүлүп турарын, жалпы студенттер менен кураторлор тыгыз иш алып барарына токтолду.
Жыйын студенттердин берген суроолору жана аларга коноктор тарабынан берилген жооптор менен өз ишин жыйынтыктады.