Профессор Дүйшөнкул Шаматов Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде болду
Бүгүн, 26-декабрь күнү Казакстандын Назарбаев университетинин жогорку билим берүү мектебинин профессору Шаматов Дүйшөнкул Алиевич Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде болду.
Аталган профессорду университеттин ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков кабыл алып, КӨЭАУ тууралуу кенен маалымат берди. Андан соң Д.Шаматов Казакстандагы жана дүйнөдөгү өнүккөн өлкөлөрдүн жогорку окуу жайларында болуп жаткан билим берүү системасы, илим жана изилдөө иштери боюнча ой бөлүштү. Жолугушууда кызуу маектешүүлөр жана талкуулар болду.
Жолугушуунун соңунда ректор А.А.Мамасыдыков профессор Д.Шаматовго жылуу пикирлерин билдирип, университеттин атрибуттарын жана сыйлуу белектерин тапшырды.
Бүгүнкү биздин коногубуз Д.А.Шаматов тууралуу кыскача маалымат берүүнү туура таптык:
Д.А.Шаматов 1986-1993-жылдары Ош мамлекеттик университетинде окуп, окууну бүтөрү менен эле ал жерде иштеп калган. 1996-1998-жылдары Пакистандын Карачи шаарындагы Ага Хан университетин бүтүрүп, магистр академиялык даражасына, 2000-2005-жылдары Канаданын Торонто шаарындагы «Онтарио» университеттин бүтүрүп PhD философия доктору даражасына ээ болгон.
1999-2000-жылдары Кыргыз-Өзбек университетинде (азыркы КӨЭАУ) кафедра башчысы кызматын аркалаган.
Д.Шаматов 2013-жылдан баштап Назарбаев университетинин жогорку билим берүү мектебинде профессор болуп эмгектенет. Ал бир катар илимий макалалардын автору.
Канаданын эл аралык өнүктүрүү агенттигинин грантынын ээси. Дүйнөлүк банк жана Тажикстан Республикасынын Билим берүү министрлиги менен биргеликте «Мугалимдерди өнүктүрүү» долбоорлоруна катышкан (Тажикстан, Душанбе ш., 2000-ж.), «ЮСАИД ЮСАИД PEAKS — Participation, Education and Knowledge Strengthening» (2007 г.) долбооруна катышып, изилдөөлөрдү жүргүзгөн.
Д.Шаматов чет жактарда окуп жана эмгектенип жүрсө да жүрөгү Кыргызстан деп соккон кыргыздын патриот уулу, чыгаан педагог-окумуштуусу катары өлкөдө болуп жаткан билим берүүнү трансфармациялоого активдүү катышып жүрөт. Кыргызстанда Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан уюштурулган иш чараларга катышып, дүйнөнүн алдыңкы өлкөлөрүндө болуп жаткан тажырыйбалар тууралуу баяндап келет.
Ал эмгек өргүүсүнө чыккан мезгилде же эс алуу учурларында өз мекенине келери менен бир күнүн да текке кетирбей, орто мектептерде жана жогорку окуу жайларда семинар-тренинг, мастер класс, тегерек стол ж.б. уюштуруп, өзүндө болгон маалыматтарды башкаларга жайылтып келет.
и ещё 8
Все реакции:

41