Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетине Фергана мамлекеттик университетинен делегация келди.
Конокторду КӨЭАУнун ректору, профессор Мамасыдыков Абдилбает Асанович кабыл алып, эки окуу жайдын ортосундагы кызматташтык тууралуу ойлорун ортого салып, биргелешип билим берүү программаларын талкуулашты.
Фергана мамлекеттик университетинен келген делегациянын өкүлдөрү Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин студенттерине спорттун 5 түрү боюнча достук беттешине чакыруу жолдошту. Аталган спорттук иш чара март айынын акыркы жумалыгында өткөрүлөрүн билдиришти.
КӨЭАУнун ректору Абдилбает Асанович чакырууну кабыл алганын айтып, бул беттештер эки окуу жайдын достук мамилесинин бекемделишине өзгөчө таасирин тийгизерин баса белгиледи.
Иш сапардын алкагында КӨЭАУнун дене тарбия профилинде окуган студенттерге конок лекция өтүп берген лекторлорго сертификаттар тапшырылды.
Эскерте кетсек, буга чейин эки университеттин окутуучуларынын ортосунда спорттун волейбол түрү боюнча достук беттеши өткөрүлгөн.