Андижан мамлекеттик педагогикалык институтунун ректору, тарых илимдеринин доктору, профессор Бахтиёр Расулов баштаган делегация Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетине келишти.
Конокторду, окуу жайдын эл аралык байланыштар жана стратегиялык өнүктүрүү боюнча проректору, профессор Аида Балтабаева тосуп алып, КӨЭАУнун экинчи окуу имаратына саякат уюштурулуп, ал жакта жайгашкан факультеттер боюнча кенен маалымат берилди.
Эскерте кетсек, буга чейин эки тараптуу түзүлгөн келишимдин алкагында Андижан мамлекеттик педагогикалык институтунун кыргыз тили жана адабияты багытында билим алган 13 студент академиялык мобилдүүлүк боюнча Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетине келип, бир ай окуп кетишкен.
Мындан сырткары Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети бул институт менен окутуучулардын ортосунда илимий иш сапарларды, академиялык мобилдүүлүктөрдү уюштуруп, эл аралык конференцияларды өткөрүп келет.