Өзбекстандын Ташкент гуманитардык илимдер университетинин ректору, профессор Сабуров Жуманазар Салиевич баштаган делегация Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде болушту.
Конокторду окуу жайдын ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков кабыл алып, эки университеттин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо, биргелешкен билим берүү программаларын ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети менен Ташкент гуманитардык илимдер университетинин ректорлору эки тараптуу кызматташуу меморандумуна кол коюшту.




