Казан мамлекеттик маданият институту менен кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү
Казан мамлекеттик маданият институтунун элдик чыгармачылык маданияттын инновациялары жана салттары факультетинин деканы, п.и.к., доцент Салахов Расых Фарукович баштаган делегация иш сапары менен Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде болду. Конокторду окуу жайдын ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков кабыл алып, эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрдү.
Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору Абдилбает Асанович Казан мамлекеттик маданият институту менен биргеликте иш алып барууга бир топ мүмкүнчүлүктөр бар экенин айтып, дизайн, графика, костюм жана текстиль искусствосу багыттары боюнча студенттердин, магистрлердин, жаш окумуштуулардын интеллектуалдык чыгармачылыгын өнүктүрүүгө, аларды илимий изилдөө иштерине тартууга багытталган биргелешкен иш чараларды өткөрүү керек экенин баса белгиледи.
Ал эми Казан мамлекеттик маданият институтунунан келген коноктор студенттерге практикалык жардам көрсөтүү максатында эки окуу жайда эмгектенген профессор агай-эжекелер менен чыгармачылык байланыштарды күчөтүү боюнча ойлорун ортого салышты. Жыйынтыгында тараптар эки тараптуу кызматташууга даяр экенин билдиришти.