Жогорку Кеңеште Борбор Азиядагы коопсуздук маселелери боюнча жыйын өттү
16-майда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде Борбордук Азиядагы коопсуздук маселелери жана чакырыктарга арналган жыйын өттү. Иш чарага тиешелүү мамлекеттик органдардын, эл аралык жана аймактык уюмдардын, жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү катышты.
Жолугушуунун катышуучулары аймактагы туруктуулукту жана туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу үчүн мыйзамдарды шайкеш келтирүү жана аймактык кызматташтыкты бекемдөө маселелерин талкуулашты.
Аталган иш чаранын талкуусуна Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, профессор Мамасыдыков Абдилбает Асанович катышып, соңунда ЖККУнун Парламенттик ассамблеясынын катчылыгы менен эки тараптуу кызматташуу келишимине кол коюшту.