Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, профессор Мамасыдыков Абдилбает Асанович «TÖMER түрк тилин үйрөтүү» борборунун өкүлдөрүн кабыл алды.
Эки тарап билим берүү багытында биргелешкен иш чараларды, тил үйрөтүү курстарын жандандырууну жана маданий байланыштарды өнүктүрүүнү талкуулашты.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө университеттин башкы окуу имаратында жана №2 окуу имаратында түрк тил борборлорун ачуу маселеси да каралып, бул багытта алдын ала пландоо иштери жүргүзүлдү.
Андан соң Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети менен Түркиянын «TÖMER түрк тилин үйрөтүү» борборунун ортосунда түзүлгөн келишим жаңыланып, кызматташуу келишимине кол коюлду.
Эскерте кетсек, «TÖMER түрк тилин үйрөтүү» борбору 4 жылдан бери Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин базасында тил үйрөтүү ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет.