Чет элдик студенттер үчүн миграциялык мыйзам ченемдерин түшүндүрүү боюнча иш чара уюштурулду
Бүгүн, 5-июнь күнү Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде билим алып жаткан чет элдик студенттер үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандардын укуктук абалы тууралуу түшүндүрүү иш чаралары жүргүзүлдү.
Аталган иш чарага КƟЭАУнун эл аралык байланыштар жана стратегиялык ɵнүгүүлɵр боюнча проректору А.Т.Балтабаева, эл аралык байланыштар бɵлүмүнүн башчысы Р.Ш.Салимов, чет элдик студенттердин кураторлору, декандар жана чет өлкөлүк студенттер катышты.
Мында, чет элдик студенттерге Кыргыз Республикасынын миграциялык мыйзамдарынын негизги беренелерин так түшүндүрүү менен бирге өлкөгө келип түшүү, чыгып кетүү, документтерди тапшыруу, визаларды узартуу жана каттоо боюнча студенттер билүүгө тийиштүү болгон иш-аракеттери жөнүндө маалыматтар берилди. Ошондой эле миграциялык нормаларды бузган учурда кандай жоопкерчиликке тартылары тууралуу дагы кенен токтолушту.
Эскерте кетсек, чет ɵлкɵлүк студеттер үчүн КƟЭАУнун сайтында маалымат торчосу түзүлгɵн жана маалымат материалдар жүктɵлгɵн https://international.kumu.kg/




