Kuudmc@gmail.com

Урал мамлекеттик экономикалык университетинин расмий делегациясы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде болушту.
Конокторду окуу жайдын эл аралык байланыштар, инновация жана инвестиция боюнча проректору, профессор Аида Балтабаева кабыл алып, университет тууралуу кенен маалымат берип, материалдык-техникалык базасы менен тааныштырды.
Андан соң юридика-бажы факультетинин окутуучулар жамааты менен студенттери катышкан жолугушуу болду. Мында билим берүүнүн көп тармактары боюнча маалыматтар айтылып, билим берүүдө байланышты бекемдеп, биргелешип иш алып баруу боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрдү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *