Намангандан делегация келди
Кечээ, 12-февраль күнү Өзбекстан Республикасынын Наманган мамлекеттик университетинин ректору, п.и.д., профессор Собитхон Тургунов баштаган делегация иш сапары менен Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетине келишти.
Кошуна өлкөдөн келген конокторду Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков баштаган жетекчилик жылуу маанайда тосуп алды.
Жолугушууда университеттер аралык достук мамилени тереңдетүү багытында эки тараптын жетекчилиги кенен пикир алышты. Билим берүү, илим изилдөө багытында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, окутуучулардын, студенттердин академиялык мобилдүүлүгүн уюштуруу, эки университеттин ортосунда 2+2 билим берүү программалары боюнча кош диплом берүү маселелерин талкуулашты.
Наманган мамлекеттик университетинин ректору, п.и.д., профессор Собитхон Тургунов Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде жаңыдан ачылып жаткан эл аралык медицина факультетинин ишмердүүлүгүнө жакындан колдоо көрсөтөрүн кошумчалады.
Соңунда Наманган мамлекеттик университети менен Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ортосунда түзүлгөн келишим жаңыланып, ага ылайык аталган окуу жайлардын жетекчилери эки тараптуу кызматташтык келишимине кол коюшту.
и ещё 23
Все реакции:

16