Түркиянын Анкара социалдык илимдер университетинин ректору, профессор Муса Казым Арыджан баштаган делегация Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде болушту.
Конокторду окуу жайдын ректору, профессор Мамасыдыков Абдилбает Асанович кабыл алып, жолугушууда тараптар ортосунда сүйлөшүүлөр жүрдү. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн алкагында эки окуу жайдын ортосунда кызматташуу келишимине кол коюлду.
Андан соң коноктор Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин материалдык-техникалык базасы менен жакындан таанышып чыгышты.