Евразия этно-дизайнерлеринин ассоциациясынын мүчөсү, Кыргыз Республикасынын дизайнерлер союзунун мүчөсү, Евразия боюнча эң алдынкы ондукка кирген этно-дизайнер, КӨЭАУнун сыймыктуу бүтүрүүчүсү Султан Салиев Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде конокто болду.
Жаш дизайнерлер менен жолугушуу уюштурулуп, студенттерге өзүнүн тажырыйбасы менен бөлүшүп, кеп-кеңешин берди.
Андан соң өзү окуп кеткен окуу жайдын материалдык-техникалык базасы менен таанышып, жагымдуу шарттар жаралып жатканын көрүп, жылуу пикирин билдирди.