2022-жылдын 17-ноябрь күнү Самара мамлекеттик социалдык-педагогикалык университетинин өкүлдөрү менен эки тараптуу кызматташтык жөнүндө келишимдин негизинде онлайн жолугушуу болду.
Аталган онлайн жолугушууга СМСПУнун окуу методикалык иштери жана билим сапаты боюнча проректору Наталья Кислова, эл аралык бөлүм башчысы Валерия Бондарева, филология факультетинин деканы Светлана Подлесова, орус тил кафедрасынын башчысы Ольга Иванова, адабият, журналистика жана окуу методикасы кафедра башчысы, профессор Олег Буранок жана КӨЭАУ тарабынан эл аралык байланыштар, инновация жана инвестиция ишмердүүлүгү боюнча проректору, профессор Аида Балтабаева, тарых-филология факультетинин деканы, Назира Тилекова, орус филология кафедра башчысы Рахиля Алиева, англис тили кафедрасынын башчысы Жаннат Каденова, эл аралык бөлүмдүн башчысы Рустам Салимов жана окутуучулар катышты.
Онлайн жолугушуунун жүрүшүндө эки окуу жайдын өкүлдөрү биргелешип иш алып баруу боюнча ойлорун ортого салышты. Мугалимдердин жана студенттердин эл аралык академиялык мобилдүүлүгүн уюштурууну жакынкы аралыкта ишке ашыруу пландалды. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн негизинде бир жылдык жол карталары түзүлдү.