Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин студенттери Өзбекстандагы Андижан мамлекеттик педагогикалык институтунун жүргүзүп жаткан иштери менен жакындан таанышып, тажырыйба алмашып, келишти.
Студенттердин эл аралык байланыштарын чыңдоо, өз ара кызматташтыкты жүргүзүү, мамилелерди жандандыруу максатында Андижан мамлекеттик педагогикалык институтунун Студенттик жаштар комитети менен Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин Студенттик жаштар комитетинин ортосунда өз ара келишимдер түзүлдү.
Бул демилге КӨЭАУнун Эл аралык байланыштар, инвестиция жана инновация боюнча проректору, профессор Аида Балтабаеванын, мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору, Сыргак Сарыковдун жетекчилиги менен ишке ашты.