«Мыкты биримдиктүү команда»
«Мыкты билерман» номинациялары жана
«Ыраазычылык кат» ээлери болуп кайттык!
Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин «Достук» командасы түштүк аймагындагы ЖОЖдордо окуган чет элдик студенттер аралык акыл таймашка активдүү катышып келдик.Түштүк аймагындагы ЖОЖдордон келген командалар арасындагы акыл таймашка мыкты катышып, өздөрүнүн аракеттери менен жогорудагы номинацияларга студенттерибиз ээ болушту.Биринчи жолу бул иш чара ОшМУнун демилгеси,тагыраагы «Билерман ордо» клубунун магистри,капитан Семетей Амиралиев агай тарабынан уюштурулду.Уюштуруучуларга ыраазычылык билдиребиз,жакшы деңгээлде уюштурушту.Алгач өтүп жаткандыгына байланыштуу катышуучулар тарабынан айтылган ой пикирлерге дагы көңүл бурулуп, бактылуу упай, бактысыз упай,тесттин варианттары кошулбастан берилген абалда,студенттердин нукура тапкычтыгына,интеллектуалдык билим денгээлине көңүл бурулуп,ошонун негизинде жыйынтыктар чыгарылып жана бул демилге уланат деген ишеничтебиз.