Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде «Жергиликтүү өнүгүү» долбоорунун ишкердүүлүктү өнүктүрүү программасынын 5 күндүк бекер окутуу семинары башталды. Окутуу 13-марттан 18-мартка чейин болот.
Окутуунун 6-күнү (18-март) бизнес идеялардын сынагы уюштурулуп, комиссия тобу тарабынан эң мыкты деп табылган 2 бизнес идеяларга долбоор тарабынан $2,000 доллар суммасында колдоо көрсөтүлөт.
Студенттерди ишкердүүлүктү өнүктүрүү программасына окутуу Американын эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID), Кыргыз Республикасындагы Ага Хан Фонду жана Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети менен биргеликте ишке ашырылып жатат.
![](https://international.kumu.kg/wp-content/uploads/2023/03/333602366_537034891878076_1722350429232845835_n-300x200.jpg)
![](https://international.kumu.kg/wp-content/uploads/2023/03/333531524_896296454975497_7510749469919522003_n-300x200.jpg)
![](https://international.kumu.kg/wp-content/uploads/2023/03/333504906_655194146540679_5775702189688935610_n-300x200.jpg)
![](https://international.kumu.kg/wp-content/uploads/2023/03/333669126_1204051586914762_7508122572303912725_n-300x200.jpg)