2022-жылдын 16-ноябрында Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин тарых-филология факультетинин деканы, п.и.к., доцент Назира Тилекова, англис филология кафедрасынын башчысы, п.и.к, доцент Жаннат Каденова, тарых жана философия каферасынын изденүүчү-окутуучусу Назгүл Адышева, гуманитардык-педагогикалык факультетинин педагогика жана психология кафедрасынын улук окутуучусу Юлдуз Абиевалар Өзбекстан Республикасындагы Фергана мамлекеттик университетине бир күндүк иш сапары менен барып келишти.
Иш сапардын максаты аталган университеттин факультеттери жана кафедралары менен кызматташуу келишимдерине кол коюу, конок лекцияларды өтүү. Максатка ылайык иш сапар жемиштүү жыйынтыкталганын тарых-филология факультетинин деканы Назира Тилекова билдирди. Тарых-филология факультети менен Фергана мамлекеттик университетинин тарых факультети, филология факультети, чет тилдери, англис филология факультеттери менен 5 жылдык мөөнөттөгү эки тараптуу кызматташуу келишимдерине кол коюлду.
Мындан сырткары аталган факультеттердин кафедраларынын ортосунда да кызматташуу келишимдерине кол коюлду. Иш сапардын алкагында ФерГУнун музейине кыдыруу жүргүзүлүп, окуу жайдын материалдык-техникалык базасы менен тааныштырылды. Назира Тилекова, Жаннат Каденова, Назгүл Адышева, Юлдуз Абиевалар билим берүү багыттарына ылайык өзбекстандык студенттерге конок лекция өтүштү.
Жыйынтыгында конок лекция өткөн окутуучуларга сертификаттар тапшырылды. Аталган иш сапары Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин Эл аралык байланыштар, инвестиция жана инновация боюнча проректору, профессор Аида Балтабаева тарабынан уюштурулду.