2022-жылдын 1-ноябрында I TOP EDU Consulting фирмасынын директору Ким Миок өзүнүн командасы менен КӨЭАУнун студенттери үчүн «Кореяда билим алуу» аталышында семинар өтүп беришти.
Акыркы кездери кыргыз жаштарынын Кореяга барып билим алууга же иштеп келүүгө болгон кызыгуулары күч экени көпчүлүккө маалым.
Бирок кантип барыштын жолун билбей жүргөн студенттер көп. Ушундай жагдайларды эске алып I TOP EDU Consulting фирмасы өздөрүнүн тажырыйбаларын бөлүшүп, ал жактагы жогорку окуу жайлар тууралуу кенен маалымат беришип, окууга өтүүнүн шарттарын түшүндүрүп беришти.
Учурда Кореяда окуган кыргыз студенттери көп экенин, алар алдыңкы катарда татыктуу билим алып жатышканын белгилешти.