Окуу курсу 6 күнгө созулуп, 13-марттан 18-мартка чейин саат 9:00дөн 17:00гө чейин Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин бизнес-инкубаторунда өттү.
Тренингге катышуу үчүн келген 96 арыздын ичинен 25 гана катышуучу тандалып алынган.
Тренингде инвестиция тартуу, маркетинг жана SMM тактикасын куруу, туура бизнес моделин тандоо сырлары ачылып, студенттер Ош шаарындагы ийгиликтүү ишканаларды кыдырып чыгышты.
Тренинг АКШнын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (USAID) биргелешкен “Жергиликтүү өнүгүү” долбоору, Кыргыз Республикасындагы Ага Хан Фондунун жана Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин @uchkunup.osh бизнес-инкубаторунун биргелешкен долбоору менен өткөрүлдү.
Жыйынтыгында төмөндөгү студенттер финалист болуп, сертификат менен сыйланышты.
1) Бекташова Нуриза – Инженердик-технологиялык факультети
2) Ибрагимова Мээрзат — Инженердик-технологиялык факультети
3) Арынова Тамара – Тарых-филология факультети
4) Алижан уулу Бек — Кесиптик колледж
5) Масаитов Макылбек — Инженердик-технологиялык факультети