Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде «Мейкиндикти бүтүрүүчүлөр менен бирге багындырабыз» аттуу жолугушуу уюштурулду.
Аталган жолугушууга КӨЭАУнун бизнес багытында эмгектенген бүтүрүүчүлөрү келип, өздөрүнүн жетишкен ийгиликтери тууралуу ой бөлүшүп, студенттерге кеңештерин беришти. Иш чаранын жүрүшүндө келген коноктор атайын сынактарды уюштуруп, жеңүүчүлөргө Умрага, Өзбекстан Республикасына жолдомолорду, белектерди беришти.
Бул жолугушуу бизнеске кызыккан студенттер үчүн маанилүү болгонун
окуу жайдын ЭАБИжИ боюнча проректору, профессор Аида Балтабаева өз сөзүндө баса белгилеп, бүтүрүүчүлөрдүн иштерине ийгилик каалап, ыраазычылык билдирди.