Абу Райхан Берунинин туулган күнүнүн 1050 жылдыгына арналган эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү
Бүгүн, Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде «Улуу ойчул Абу Райхан Беруни жана анын дүйнөлүк илимдин өнүгүүсүнө кошкон салымы» аттуу конференция болуп өттү. Улуу ойчул жана энциклопедист Абу Райхан Берунинин туулган күнүнүн 1050 жылдыгына арналган эл аралык илимий-практикалык конференция КӨЭАУнун ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыковдун, КРдин ТҮРКСОЙдогу өкүлү Канат Мамбеталиевдин, Наманган мамлекеттик университетинен келген өкүлүнүн жана Андижан мамлекеттик педагогикалык институтунун ректору, профессор Бахтиер Расуловдун куттуктоо сөздөрү менен башталды.
Пленардык жыйындын алдында КӨЭАУнун Окумуштуулар кеңешинин чечимине ылайык, Андижан мамлекеттик педагогикалык институттун ректору, тарых илимдеринин доктору, профессор Расулов Бахтиер Махмуджоновичке Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ардактуу профессору наамы берилди.
Ага улай эле КӨЭАУнун мурдагы ректору, э.и.д., профессор Чаткалбай Райымбаев, университеттин эл аралык байланыштар, инновация жана инвестиция боюнча проректору, фил.и.д., профессор Аида Балтабаева, мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча КӨЭАУнун проректору, ф.и.к., доцент Сыргак Сарыков, тарых-филология факультетинин деканы, п.и.к., доцент Назира Тилекова, эл аралык байланыштар, инновация жана инвестиция бөлүмүнүн адиси Рустам Салимов жана эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышып жаткан сый коноктор ТҮРКСОЙ эл аралык уюумунун баалуу белектерине ээ болушту.
Пленардык жыйын ОшМУнун кафедра башчысы, филос.и.д., профессор Кубанычбек Исаковдун, Андижан мамлекеттик педагогикалык институтунун ректору, т.и.д., профессор Бахтиер Расуловдун, НамМУнун профессору, т.и.д. Абдулло Расуловдун, тарых-филология факультетинин деканы, п.и.к., доцент Назира Тилекованын Абу Райхан Берунинин чыгармачылык, окумуштуулук бейненсине арналган докладдары менен жыйынтыкталды.
Түшкү тыныгуудан кийин илимий-практикалык конференция секциялык иштерде улантылды. Бөлүнгөн секциялык топтор өз ишин аяктагандан кийин конференция катышуучулары кайрадан пленардык жыйынга чогулуп, резолюция кабыл алышты.