2023–жылдын 14-ноябрь күнү №1 окуу имаратынын жыйындар залында университеттин Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү.
Күн тартибинде университеттин 2022/23-окуу жылындагы мамлекеттик тил, социалдык иштер жана тарбия ишмердүүлүгү боюнча жыйынтык эсеп-кысабы жана өнүгүү перспективалары; Университеттин эл аралык байланыштар, инновация жана инвестиция ишмердүүлүгүнүн 2022/23-окуу жылы үчүн жыйынтык эсеп-кысабы жана ѳнүгүү перспективалары; 2023/24-окуу жылына университеттин функционалдык-структуралык түзүмүн бекитүү жана тиешелүү жетекчилерди дайындоо; Окумуштуулар кеңешинин курамын бекитүү жана ар түрдүү маселелер каралып Окумуштуулар кеңеши тарабынан бекитилди.