Ош шаарында ЖОЖдордун каржылык-экономикалык көз карандысыздыгы талкууланууда
Бүгүн, 6-декабрда Кыргызстандагы университеттердин финансылык автономиясын өнүктүрүүгө багытталган Эразмус+ программасынын DEFA долбоорунун ишмердүүлүгүнүн бир жылдыгына карата, аталган долбоордун алкагында «Кыргызстандагы университеттердин финансылык автономиясын өнүктүрүү» аттуу семинары өз ишин баштады.
Семинарга долбоордун консорциумуна кирген Германиянын Отто фон Гёрике, Италиянын CESIE, Флоренция университеттеринин, Кыргызстандагы 12 жогорку окуу жайынын жана түштүк регионундагы университеттердин ректорлору, тиешелүү өкүлдөрү катышып жатат.
Иш чаранын ачылышында КӨЭАУнун ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков Эразмус+ программасынын DEFA долбоорунун ишмердүүлүгүнө кыскача токтолуп, жүргүзүп жаткан иштерине ийгилик каалады. Ошондой эле иш чаранын уюштуруучуларына жолугуп, ойлорун ортого салып алдыдагы пландарын талкуулашты.
Учурда бул долбоордун консорциумуна өлкөдөгү 12 жогорку окуу жай жана Германиянын, Италиянын эки эл аралык жогорку окуу жайы кирген.