Эл аралык илимий конференция
Өзбекстан Республикасынын Фергана мамлекеттик университетинин филология факультетинде Ч.Айтматовдун 95 жылдыгына карата “Чыңгыз Айтматов жана дүйнө адабияты” аттуу эл аралык илимий конференция болуп өттү. Илимий конференциянын алкагында Ч.Айтматовдун борбору ачылды. Аталган конференцияга Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардын ректорлору катышты.
Илимий конференциянын ачылышында Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков куттуктоо сөзүн сүйлөп, эки өлкөнүн ортосунда илимий багытта жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолуп, илимий-практикалык конференциянын ишине ийгиликтерди каалады.