Фергана политехникалык институтунун өкүлдөрү конокто
Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин инженердик-технологиялык факультетине Фергана политехникалык институтунун профессору, т.и.к. Собиржонов Толипжон Мамасодиевич баштаган мугалимдери, студенттери атайын мобилдүүлүк боюнча келишти.
Коноктор аталган факультеттин материалдык-техникалык базасы менен жакындан таанышып чыгышты. Андан соң профессор Собиржонов Толипжон Мамасолиевич ИТФнын бардык багыттарына «Студенттерди техникалык сабактарга кызыктыруу» деген темада атайын конок лекция өтүп берди. Инженердик-технологиялык факультетинин деканы Ильяз Исаев лекторго ыраазычылык билдирип, атайын белегин тапшырды.