Өзбекстандын Фергана шаарынан КӨЭАУга делегациясы келди
2023-жылдын 12-декабрь күнү Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин табигый-педагогикалык жана маалыматтык технологиялар факультетинин информатика жана окутуунун усулдары кафедрасына Мухаммад аль-Хорезми атындагы Ташкент маалыматтык технологиялар университетинин (ТМТУ) Фергана шаарындагы филиалынан атайын чакыруу менен делегациясы келди.
Бул иш сапардын максаты Фергана шаарындагы ТМТУ менен КӨЭАУнун эки тараптуу Меморандумдун негизинде кесиптештер менен жолугуп, билим берүү, илимий-изилдөө жана маданий-тарбиялык ишмердүүлүктөр боюнча тажрыйба алмашуу болчу.
Иш сапардын алкагында Өзбекстандан келген делегациялар конок лекцияларды өтүшүп, атайын тажрыйба алмашуу үчүн уюштурулган окуу-усулдук методикалык семинарга катышып, баяндамаларды жасашты. Иш сапардын жыйынтыгында ТМТУдан келген конокторго КӨЭАУ тарабынан «Ыраазылык баракчалар», «Сертификаттар» тапшырылды.