Ректор баштаган делегация Андижан машина куруу институтунда болушту
Бүгүн, 5-март күнү Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, профессор Мамасыдыков Абдилбает Асанович баштаган делегация Өзбекстан Республикасынын Андижан шаарындагы Андижан машина куруу институтунда болушту.
Атайын иш сапарынын алкагында барган делегация Андижан машина куруу институту тарабынан уюштурулган “Атаандаштыкка жөндөмдүү кадрларды даярдоодо илимий жана билим берүү интеграциясын өркүндөтүү перспективалары” аталышындагы эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты.
Сөз кезегинде КӨЭАУнун ректору, профессор Абдилбает Асанович эл аралык конференциянын ишине ийгилик каалап, уюштуруучуларга ыраазычылык билдирди. Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинен барган окумуштуулар секциялык иштерде өздөрүнүн докладдарын жасап, атайын сертификаттарга ээ болушту.
Соңунда Андижан машина куруу институтунун ректору сырттан барган конокторду окуу жайдын материалдык-техникалык базасы менен жакындан тааныштырып, сүмөлөк кайнатуу иш чарасы менен конференция өз ишин жыйынтыктады.
Аталган иш сапары окуу жайдын эл аралык байланыштар жана стратегиялык өнүктүрүү бөлүмү тарабынан көзөмөлдөнүп, ишке ашырылды.
и ещё 21
Все реакции:

94