Андижан: Кыргызстандан барган делегация «Достук» сейил багына көчөт отургузушту
2024-жылдын 18-апрелинде Андижан мамлекеттик педагогикалык институтунда өткөн Барпы Алыкуловдун 140 жылдыгына арналган конференциянын соңунда “Жашыл мейкиндик” улуттук долбоорунун алкагында Андижан мамлекеттик педагогикалык институтунда «Достук» сейил багына көчөт отургузуу аземи болду.
Көчөт отургузуу иш чарасына аталган институттун ректору, профессор Бахтиер Расулов, Кыргызстандын Түрксойдогу расмий өкүлү Канат Мамбеталиев, Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков, КР илимине эмгек сиңирген ишмер, т.и.д., профессор, түрк дүйнөсүнө таанымал илимпоз Сулайман Кайыпов катышты.
«Келечекте бул бакчада көптөгөн мөмөлүү дарактар өнүп чыгып, окуу жайга көрк берип, жаштарыбыз дагы ушул көчөттөрдөй көрктөнүп, илим, билимге сугарылып, эки элдин достугу, ынтымагы үчүн кызмат кылсын» деген каалоо-тилектер айтылды.