Андижан: Чыңгыз Айтматов атындагы «Кыргыз тили жана маданияты» борбору
Андижан мамлекеттик педагогикалык институтунда өткөн
Барпы Алыкуловдун 140 жылдыгына арналган конференциянын алкагында Кыргызстандан барган делегация аталган окуу жайда ачылган Чыңгыз Айтматов атындагы «Кыргыз тили жана маданияты» борборунда болушту.
Мында студенттер тарабынан даярдалган концерттик программага күбө болушуп, борбордо жүргүзүлүп жаткан иштер менен жакындан таанышып чыгышты.
КР илимине эмгек сиңирген ишмер, т.и.д., профессор, түрк дүйнөсүнө таанымал илимпоз Сулайман Кайыпов, кыргыз эли менен өзбек элинин баалуулуктары, маданияты бир экенин айтып, комузда кол ойнотуп, жаштарга батасын берди.
и ещё 6
Все реакции:

17