Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде Барпы Алыкуловдун 140 жылдыгы белгиленди
Бүгүн, 19-апрелде Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде кыргыздын даңазалуу ак таңдай акыны Барпы Алыкуловдун 140 жылдыгына арналган Эл аралык тегерек стол болуп өттү.
Аталган самаалыкка келген коноктор алгач уюштуруучулар тарабынан даярдалган Барпы Алыкуловдун чыгармачылыгын баяндаган китеп көргөзмө менен таанышып, акындын бейнесин чагылдырган видео баяндамага күбө болушту.
Иш чаранын расмий ачылышында Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков, Кыргыз Республикасынын ТҮРКСОЙдогу расмий өкүлү Канат Мамбеталиев куттуктоо сөзүн айтышты. Буга улай эле Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин жана Андижан мамлекеттик педагогикалык институтунун окумуштуулары Түрк дүйнөсүнө кошкон баалуу салымы жана кызматы үчүн ТҮРКСОЙдун ардак грамотасы жана төш белгиси менен сыйланышты.
Барпы Алыкуловдун 140 жылдыгына арналган тегерек столдун жүрүшүндө Өзбекстан мамлекетинин жана Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү илимпоздору тарабынан даярдалган баяндамалар жасалды.
Андан соң Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин студенттери Барпы Алыкуловдун чыгармаларын көркөм окуп, обондуу ырларынан жандуу аткарып беришти. Соңунда иш чараны өткөрүүдө салым кошкон окумуштууларга университеттин ыраазычылык баракчасы тапшырылды.
Эскерте кетсек Барпы Алыкуловдун 140 жылдыгына арналган илимий конференция кечээ, 18-апрель күнү Андижан мамлекеттик педагогикалык институтунда өтүп, ага Кыргызстандын ТҮРКСОЙдогу расмий өкүлү Канат Мамбеталиев, КР илимине эмгек сиңирген ишмер, т.и.д., профессор, түрк дүйнөсүнө таанымал илимпоз Сулайман Кайыпов, КӨЭАУнун ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков баштаган университеттин окумуштуулары катышып келген.
Ак таңдай акындын 140 жылдыгына арналган иш чаралар ТҮРКСОЙ, Андижан мамлекеттик педагогикалык институту, Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин эл аралык байланыш жана стратегиялык өнүгүү ишмердүүлүгү тарабынан уюштурулууда.