Өзбекстан Республикасынын жогорку окуу жайлары менен кызматташуу ар тараптуу өнүгүүдө
Үстүбүздөгү жылдын 20-апрелинде Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, профессор Мамасыдыков Абдилбает Асанович баштаган делегация Фергана мамлекеттик университетинде болушту. Аталган делегацияны фергана мамлекеттик университетинин жетекчилиги тосуп алды.
Жолугушууда эки окуу жайдын өкүлдөрү университеттерде биргелешип өткөрүлүп жаткан илимий, маданий, спорттук иш чараларды, окутуучулардын жана студенттердин академиялык мобилдүүлүгүн талкуулашты. Андан соң Фергана мамлекеттик университетинде ачылган музейге, жаңыдан ишке берилген окуу имаратына саякат уюштурулду.
Иш сапардын алкагында эки тараптуу түзүлгөн келишимдин негизинде ынтымакты, достукту чыңдоо максатында окутуучулар арасында спорттун волейбол түрү боюнча жолдоштук беттеш өттү.
Белгилей кетсек буга чейин спорттун волейбол түрү боюнча жолдоштук беттеш Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде уюштурулган. Бул иш чаралар университеттин эл аралык байланыштар жана стратегиялык өнүгүү ишмердүүлүгү тарабынан ишке ашырылды.