Бүгүн, ӨзбекстандынТашкент мамлекеттик технологиялар университетинин Фергана филиалынын директору Мухтаров Фаррух Мухаммадович баштаган делегация Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде болушту. Конокторду окуу жайдын ректору, профессор Мамасыдыков Абдилбает Асанович кабыл алды.
Жолугушууда эки окуу жайдын өкүлдөрү университеттер тууралуу маалымат алмашып, окутуучулардын жана студенттердин академиялык мобилдүүлүктөрүн ишке ашыруу, илим-билим жаатындагы байланыштарды өнүктүрүү туурасында кенен таалкуулашты. Соңунда эки окуу жайдын жетекчилери кызматташуу боюнча эки тараптуу келишимге кол коюшту.
Андан соң конокторду КӨЭАУнун эл аралык байланыштар жана стратегиялык өнүгүү боюнча проректору, профессор Балтабаева Аида Тынайбековна университеттин материалдык-техникалык базасы менен тааныштырды.