“Жаш муунду тарбиялоодо классикалык адабияттын ролу” аттуу эл аралык конференция өттү
Бүгүн, 17-майда Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде «Жаш муунду тарбиялоодо классикалык адабияттын ролу» аттуу эл аралык илимий-адабий конференция болуп өттү. Алгач конференциянын коноктору университеттин ректору, профессор Мамасыдыков Абдилбает Асановичтин кабыл алуусунда болушту. Андан соң конференция өз ишин улантты.
Аталган эл аралык илимий-адабий конференцияга Өзбекстан Республикасынын Ош шаарындагы Башкы консулдугунун консулу А.А.Абдурашидов, Өзбек Республикасынын Илимдер Академиясынын өзбек адабияты жана фольклор институтунун директорун орунбасары, профессор Максуд Асадов, Кокон мамлекеттик университетинин профессору Зоба Кобилова баштаган илимпоздор, Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору жана профессордук-окутуучулар жамааты, студенттер катышты.
Мында кеменгер акын-жазуучулар жараткан чыгармалардын учурдагы абалын, классикалык адабияттын жаш муунду тарбиялоодогу ордун жана агартуучулук идеяларын талкуулашты.