“Бир тууган элдердин курмандыгы”; КӨЭАУнун окумуштуулары эл аралык конференцияга катышып келишти
Кечээ, 2024-жылдын 28-майында Өзбекстан Республикасындагы Наманган малмлекеттик университетинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишмери Исхак Разаковдун 115 жылдыгына жана тарых илимдеринин доктору, профессор Султонмурот Солиевдин 95 жылдыгына карата “Бир тууган элдердин курмандыгы” аталышында эл аралык илимий конференция болуп өттү.
Аталган конференцияга Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков баштаган делегация катышып келди. ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун демилгеси менен өткөн эл аралык илимий конференция Наманган мамлекеттик университетинин жана Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректорлорунун куттуктоо сөзү менен башталды.
Андан соң конференциянын жүрүшүндө эки элдин чыгаан инсандарынын басып өткөн жолу, жасаган эмгектери тууралуу Кыргызстандын жана Өзбекстандын жогорку окуу жайларынын белгилүү окумуштуулары тарабынан докладдар жасалды.